Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 16-сентябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 8….13… күндүз: 19…..24°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 4….9….күндүз: 17…..22°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 9…..14….күндүз: 21……26°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 13……18°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 2….7…..күндүз: 14….19°C;
16-сентябрда Бишкекте күндүз жана түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 22……24°C, түнкүсүн 11..… 13°C.