Марал Радиосу

Өкмөт башчы токойчуларды куттуктады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев токой чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Токойлорду коргоо – климаттын өзгөрүү шарттарына байланыштуу биотүрдүүлүктү сактоонун кепилдиги жана табигый кырсыктардын алдын алуу болуп саналат. Ошондуктан токой экосистемаларын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо — токой чарбасы адистеринин башкы милдеттеринин бири. Республикабыздын токой чарбасында токой ресурстарын сактоого жана көбөйтүүгө, аларды сарамжалдуу пайдаланууга чындап жан үрөгөн адистердин иштээрин белгилөө өзгөчө жагымдуу», — деди Абылгазиев өз куттуктоосунда.

Ошондой эле өкмөт башчы токой чарба кызматкерлеринин эмгекке болгон энтузиазм, жаратылышка болгон ак ниет мамилеси, мындан ары да токойлордун динамикалуу өнүгүшүнө зор салымын кошууга түрткү берерине ишенимин билдирди.

Exit mobile version