Марал Радиосу

Улуу Британия: 2019-жылы үй-бүлөдөгү чыр-чатактын айынан 100 адам каза болгон

Улуу Британияда үй-бүлөлүк чыр-чатактын айынан өмүрү менен кош айтышкандар көбөйүп баратат. Мындай маалыматты «CNN» басылмасы таратты.

Маалыматка ылайык, мындай каза болуулар акыркы беш жылда өлкө ичинде абдан күч алган. Айталы, 2014-жылы үй-бүлөлүк чатактан 165 адам каза тапса, 2018-жылы 173 адам каза тапкан. Ал эми 2019-жылдын алгачкы алты айында үй-бүлө ортосундагы пикир келишпестиктен 100 адам өлтүрүү фактысы катталган.

«BBC» маалымат кызматынын изилдөөсүнө таянсак, 2014-2017-жылдар аралыгындагы үй-бүлөлүк чатактан көз жумгандардын дээрлик төрттөн үчү аялдар болгон.