Марал Радиосу

Кыргызстандын самбочулары Азия чемпионатынын экинчи күнүндө 9 медаль алды

Кыргызстандын спортчулары самбо боюнча Азия чемпионатынын экинчи күнүндө 9 медаль алды. Бул тууралуу эл аралык Самбо федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-сентябрда Кыргызстандын спортчулары 1 алтын, бир күмүш жана 7 коло медаль тагынышкан. Атап айтканда, 82 кг салмакта күрөшкөн Бектур Идирисов алтын медалга, 90кг салмакта күрөшкөн Шамил Жамшитов күмүш медалга, ал эми Фарух Мамажанов, Көлбай Мусакулов, Эрнис Капаров, Абдумалик кызы Самара, Адилет Курманбеков, Жаныш Адиев жана Бекзат Мамбеткулов коло медалга ээ болушту.

Белгилей кетсек, 13-сентябрда Кыргызстандан барган спортчулар 12 медаль алышкан. Мелдеш бүгүн, 15-сентябрда жыйынтыкталат.