Биз менен байланышыңыз

Баткен. Орто-Боздо чек арада такталбаган жерге тажик тарап курулуш баштады (видео)

Кыска кабар | 14 Сен 2019 | 1777 | 1

Ош-Исфана жолундагы трассанын Баткен районунун Орто-Боз айылынан өткөн жерине тажиктер таш төгүп курулуш ишин баштаганы жатат. Бул тууралуу жергиликтүү айыл тургуну Жуман Батыров “Маралга” билдирди. Анын айтымында, 2-3 саат эле мурда Орто-Боз айылындагы чек арадагы талаш жерге тажиктер КамАЗ  унаалары менен таш, шагыл төгүп баштады.

Эки-үч саат эле болду. Тажиктен КамАЗ менен таштарды төгүп таштады. Пост курат окшойт. Айыл эли чогулуп турабыз. Айыл өкмөт башчысы да бар. Азырынча унаалар каттамы ары бери өтүп жатат. Тажиктер шагыл-таштарды неге төккөнүн айтпай жатат”, — деди ал.

 

Биз, бул жердеги коёндун жатагына чейин жакшы билебиз.Илгери кыргыздын жери деп айтылчу, кийин эле талаш (спорный) жер деп калды. А эми курулуш башталыптыр. Эмне курулат, билбейм, бирок башка видеолордо бажы (таможня) курулат деп жатат. Видеолор ВатсАпп группаларда тарап жүрөт, кайра эле ызы-чууга түшкөн эл. Баары ден-дароо, "Бул жерди да сатып ийгенби?" деген ойлуу суроолор.Көк-Таш — Ак-Сай жолуна асфальт төшөлүп бүттү дегенден кийинки тажик тараптын аракети окшойт. Балким, Аравандагыдай бул жер боюнча да эчак эле чечим кабыл алынган. Ушул окуядан кийин мен да өтө күмөндүү көз караштамын. Чегарадагы бардык иш-аракеттерден жергиликтүү элдин кабары болушу шарт, элди дүрбөлөңгө салган жакшылыкка алып барбайт."Жазбай эле кой да, толук билбей туруп…" деген өзүмдүн эле жердештерим бар, бирок мен жазам. Бардык чечим элге ачык болсун. Менин ата-энем, бир туугандарым, айылдаштарым ошол жерде. Бүгүн барып жашабасам да, өлгөндө сөөгүм коюла калган жер — дал ушул жерлер.Ушундай эле курулуш Лейлекте да башталганын жазыптыр, толук маалымат шилтемеде:http://www.turmush.kg/ru/news:1566648?from=mportal&place=nowread

Опубликовано Azzambek Zheenbai Uulu Суббота, 14 сентября 2019 г.

1 пикир

1 пикир

  1. Алмазбек.Ибрагимов

    16.09.2019 14:40

    Таджиктер.талашкан.жэрди.такталбай.калган.жэр.деп.алдырып.койуп.жатабыз.урматуу.краспандентер.ушул.такталбай.калган.жер.деп.маалымат.бербегилечи.100.прасент.кыргыздн.жэри.болот.биздин.чондор.тен.ата.суйлошо.албайт

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM