Марал Радиосу

Баткен. Орто-Боздо чек арада такталбаган жерге тажик тарап курулуш баштады (видео)

Ош-Исфана жолундагы трассанын Баткен районунун Орто-Боз айылынан өткөн жерине тажиктер таш төгүп курулуш ишин баштаганы жатат. Бул тууралуу жергиликтүү айыл тургуну Жуман Батыров “Маралга” билдирди. Анын айтымында, 2-3 саат эле мурда Орто-Боз айылындагы чек арадагы талаш жерге тажиктер КамАЗ  унаалары менен таш, шагыл төгүп баштады.

Эки-үч саат эле болду. Тажиктен КамАЗ менен таштарды төгүп таштады. Пост курат окшойт. Айыл эли чогулуп турабыз. Айыл өкмөт башчысы да бар. Азырынча унаалар каттамы ары бери өтүп жатат. Тажиктер шагыл-таштарды неге төккөнүн айтпай жатат”, — деди ал.