Марал Радиосу

Ырчы Гүлнур Асанова Бельгия жана Германияга сапар алды

Кыргыздын салттуу музыкасын даңазалап келе жаткан ырчы Гүлнур Асанова Бельгия жана Германия өлкөлөрүнө сапар алды. Бул тууралуу ал өзү «Маралга» билдирди.

Ырчынын айтымында, Бельгия менен Германияда жеке чыгармачылык кечесин өткөрөт. Ошондой эле, кечеге келген коноктор сүрөтчү Айбек Ишенбековдун жеке көргөзмөсүнө да күбө болушат.

Нурзат Токтосунова алып бара турчу кече 17-сентябрда Брюссель шаарында, 21-сентябрда Берлин шаарында өтөт.