Марал Радиосу

ӨКМ: 40 чабан 27 миңдей малы менен коопсуз жайга түшүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жалпы республика боюнча калың карда жайлоодо калган 40 чабанды 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен коопсуз жайга түшүрүштү.

Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы бүгүн билдирди.

Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки өлгөн.

ӨКМдин маалымат кызматы бул сандар болжолдуу экенин, алдын ала эсептөөлөр боюнча экенин билдирет.