Марал Радиосу

Төрөбаев менен Бабанов парламенттик шайлоодо да биригеби?

Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоо учурунда гана Өмүрбек Бабанов менен биргелешип иштөө үчүн тандем түзгөн. Эми парламенттик шайлоодо да биригеби, жокпу, аны ойлоно элек. Бул тууралуу Бакыт Төрөбаев «Маралдын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

— Бабанов менен келе жаткан парламенттик шайлоодо биригебизби же жокпу, ал жөнүндө сүйлөшүүлөр боло элек. Анткени, Бабанов менен кабарлашып, мамиле курган жокпуз. Андай кадам ошол шайлоо учурунда гана болгон.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев 2017-жылы президенттик жарышка чыгып, кийин өз каалоосу менен талапкерлигин алып салган. Себеби, шайлоодогу атаандашы Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, аны колдоп чыккан болчу.