Марал Радиосу

Кыргыз-өзбек чек арасы: Өкмөт менен эл тил табышты

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топтун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн Өкмөттүк Аппараттан кабарлашты. Себеби, буга чейин өзбек тарапка 400 гектар жер алмаштырылганы айтылган. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр коомчулукка ачык айтылбаганы да нааразылык жаратууда.

Керки-Дөң суу сактагычынын жалпы аянты 1041 гектарды түзөт.

Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1962-жылдын 29-майындагы, 1964-жылдын 14-сентябрындагы жана 1970-жылдын 14-сентябрындагы токтомдору менен Керки-Дөң суу сактагычынын обьектилерине Ош облусунун Араван районундагы чарбалардын 1041 гектар жери берилген.  Өзбекстан өз кезегинде Керки-Дөң суу сактагычы каптап калган жердин ордуна кыргыз тарапка 1041 гектар жерди берүүгө тийиш болгон.

1972-жылы Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берген.

Ал эми калган 413 гектар жерди компенсациялоо кандай болгонун Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов түшүндүрүп берди.

— Өзбекстан тарап Ош облусунун Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер берген, компенсация болгон. Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган: Араван районундагы Полигон тилкесинен 304,3 гектар, Баткен районундагы Кайрак тилкесинен 74 гектар, Аксы районундагы Дерес тилкесинен 35 гектар жер. Бир чарчы метр жер да бизге ашыча өтүп, же аларга көп кеткен жок. Болгону Төө-Моюндагы компенсация болгон жерди башка жактан карап беришибиз керек.

«Бизге алдын ала эч ким маалымат берген эмес»

Ал эми, Керки-Дөң айылынын тургуну Кубанычбек Абдраимовдун айтымында, буга чейин жер алмашуу жөнүндө сөз болгону менен эч ким так айтып түшүндүргөн эмес. Бүгүнкү күндө атайын барган топ менен болгон сүйлөшүүлөрдө эл өз сунуштарын айтып, талаптарын коюшту.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары буга чейин бир-эки ирет келген. Бирок көлдү тосуу, жерди бөлүү тууралуу сөз болгон эмес. Бүгүн Өкмөттүн жумушчу тобунун делегациясы келип сүйлөшүү жүрдү. Суу алуу, мал сугаруу үчүн көлгө «коридор» коюп беребиз дешти. Ал эми жайыт маселесин Ноокат районуна караган жерлерден чечип берүүгө убада берип, бир пикирге келдик.

«Бир чарчы метр да ашыкча жер алмашылган эмес»

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барышкан. Эл менен болгон жолугушууда талаптар угулуп, коюлган маселелер толук чечилери убадаланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров маалымдады. Ал ошондой эле, Араван районунан Өзбекстанга бир метр да ашыкча жер берилбегенин айтып, алмашуу туура болгонун кошумчалады.

— Жер алмашуу мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн. Бир райондон алынса, экинчи районго берилет, бир айылдан алынса, башкасына кошулат. Бирок, Өзбекстанга бир метр да ашыкча жер өткөн эмес. Берилген жерлердин ордуна, сөзсүз жер алынат жана алганбыз. Мамлекеттик органдар элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү, эл түшүндү, ал тургай, ыраазычылыгын айтышты. Ошондой эле жайыт маселеси көтөрүлдү. Бул суроо чечилери айтылды, башка айыл өкмөтүнөн болсо да жайыт каралат. Андан сырткары, Керки-Дөң суу сактагычынын бир тарабы ачылып, насос коюлат. Ошол жердеги сугат иштерин жүргүзгөнгө, мал сугарганга шарт түзүлөт.

Маматалиев: Демаркацияны эки өлкө бир учурда жүргүзүшү керек

Ал эми мурунку вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев чыр болбошу үчүн жергиликтүү элге туура жана убагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Мындан сырткары, демаркацияны эки өлкө бир учурда баштоосу керек. Бул да кандайдыр бир пикир келишпестиктердин алдын алат.

— Албетте демаркацияны эки өлкө бир учурда баштаганы туура болот. Бирөө эртерээк, экинчиси кечирээк баштаса, эл ичинде түшүнбөстүк пайда болот. Азыр сөз болуп жаткан жерлер 2017-жылы алмашылган экен. Делимитация жана демаркация боюнча түзүлгөн комиссия бар. Мен ойлойм, ал жерде ар түрдүү тармактагы адистер иштейт. Алар баарын терең изилдеп, карап көрүп, алмашууга барса керек.

2017-жылы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди кошумча компенсация кылган. Тагыраагы: Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер).

Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы «Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө» келишимге Керки-Дөң суу сактагычы жана Полигон тилкелери жазылган жана кошулган.

Exit mobile version