Марал Радиосу

Мерген Турган: «Менин стилимде эч ким иштей албайт»

Кыргыз эстрадасына революция жасаган, өзгөчө үнү, стили менен баарыбызга белгилүү болгон, Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мерген Турган «Марал-шоу» программасында конокто болуп, кызыктуу маек куруп берди.

Азыр виртуалдуу дүйнөгө, жакшы заманга келип жеттик. Эркиндик, мүмкүнчүлүк абдан кенен. Аскерден келгенден кийин кыргыз эстрадасына өзгөчөлүк киргизүүнү туура көрдүм. Анткени, көп ырчылар рамкадан чыкпай, бир ордунда туруп ырдашчу. «Элди таң калтыруу үчүн кандай форма кийсем экен?» — деп көп ойлондум.

Мен алгач ырдап чыккан «Ак бантик», «Роза гүлү», «Айсулуу»  аттуу ырлардын автору — Марат Алыбаев. Марат байкеме: «Мен сахнага башкача кийинип, бийлеп чыгам», — десем, ал: «Ой, Мерген, бизде заман башка, менталитет деген бар, жөн эле койчу, балам» — деди.

Көркөм кеңеш деген болчу ал учурда, мен акылдуулук кылып, ак калпак, узун чепкен, өтүк кийип, созолонгон ыр ырдап өтүп кеттим. Ошол узун кийимдин ичинде Мергенди Мерген кыла турчу формаларым бар эле.

Кийин чоң сахнага келгенде, Мерген Ырсалиев деп чакырганда дароо эле жанакы кийимдерди сахнанын бурчунда туруп, чечип ыргыттым да, кара лосина, жашыл көйнөк кийип чыктым. Өзүмдү сахнада эркин алып, бийлеп жүрдүм. «Бүгүн хит болом, же ит болом», — деп ойлодум да, каалаганымды жасадым. Бир убакта ыр бүттү, зал дуу жарылды. Сүйүнгөнүмдү айтпа, эл кайра-кайра суранып, концертим төрт күн аншлаг менен өткөн. Ошол күнү кыргыз эстрадасына революция жасадым десем болот.

Азыркы замандын тили менен айтканда, Инстаграмм, интернети жок эле хайп жасагам. Чынын айтканда, ушул күнгө чейин элдин жакшы-жаман сөздөрүн көтөрүп келе жатам. Менин стилимде бир да ырчы иштей албайт. Буга чоң эрдик, психологиялык даярдык керек.