Марал Радиосу

Бишкекте китеп жарманкеси өтүп жатат

Бүгүн Бишкек шаарында китеп жарманкеси өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири «Дидар» китеп дүкөнүнүн кызматкерлери билдирди.

Жарманке жалпы коомго китеп окуу маданиятын жайытуу максатын көздөйт. Иш-чаранын алкагында ар кандай оюн-зоок программалар, чеберчилик сабактар каралган.

Жарманке Чүй көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишкен жеринде «Ала-Тоо» кинотеатрынын маңдайында өтөт. Убактысы саат 12:00дөн 17:00гө чейин.