Биз менен байланышыңыз

Парламентте Каныбек Исаковдун талапкерлиги колдоо тапты

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 748 | 1

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, 107  добуш менен токтом кабыл алышты.

Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева сентябрдын башында кызматтан алынган. Андан кийин өкмөт башчы бул кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштады.

Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн. Өзгөчө Нарын облусундагы убактылуу контейнер мектептин ачылышы социалдык тармактарда катуу сынга алынды. Каныбек Исаков буга чейин ОшМУнун ректору болуп иштеп келген.

 

 

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    11.09.2019 20:20

    Илгертен кадрлар тепкич
    менен которулуп, иш тажырыйбасы эске алынып келген ошолор элди тушунгондор. Окууну бутуп бутпой, чон креслого оздорун тажырыйбасы жок, тууганын, жб отургузуп бут ошол тармакты талкалатып жатышат. Бул Партияларга да таандык, колунан келебиз келбейби биздин партияга орун.Мисалы: Юрист суу чарбаны башкарып, мугалим айыл чарбаны, ушу сыяктуу билими жоктордун айынан, мамлекет онуго албай турат. Премьер министир, парламент мойнунан байлаган ит ууга жарабайт кылып кадр тандашат. Иштеймин деген, Тайгандар ишсиз кочодо калып жатат. Элдин нандын жегенден кийин, жеген тамагынарды актап жегиле урматуу келген, кеткен министрлер.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM