Марал Радиосу

Парламентте Каныбек Исаковдун талапкерлиги колдоо тапты

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министри кызматына сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, 107  добуш менен токтом кабыл алышты.

Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева сентябрдын башында кызматтан алынган. Андан кийин өкмөт башчы бул кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин сунуштады.

Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн. Өзгөчө Нарын облусундагы убактылуу контейнер мектептин ачылышы социалдык тармактарда катуу сынга алынды. Каныбек Исаков буга чейин ОшМУнун ректору болуп иштеп келген.