Марал Радиосу

Бишкекте коомдук транспортторго электрондук карталар чыгарылды

Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү үчүн жаңы бирдиктүү электрондук карталар чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

«Мына буйурса баштадык. Электрондук билет«, — деп жазып жаңы электрондук билеттин сүрөттүн жарыялаган.

Эске салсак, «Электрондук билет» долбоорун Швейцариялык «BPC» AG компаниясы ишке ашыра турган болгон.