Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыска кабар | 11 Сен 2019 | 403 | 0

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Кытайдын улуттук Ай майрамына карата 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-Автожол» жана «Эркеш-Там-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат.

Жарандар, автоунаалар жана жүк ташуучу унаалар үчүн чек ара бекети 16-сентябрдан тарта ачылат.

Copyright © 2017 Maral FM