Марал Радиосу

Жапония өкмөтү отставкага кетти

Бүгүн, 11-сентябрда Жапониянын министрлер кабинети толук курамы менен отставкага кетти. Жумуштан кетүү арызын премьер-министр Синдзо Абэ кабыл алды.

Жакынкы сааттарда өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн тизмеси жарыяланары айтылды. Мындай алмаштыруу бир жыл мурда болгону менен анда дээрлик өзгөрүү деле болгон эмес. Бул ирет 13 министрлик жаңыланары мерчемделүүдө.

Өкмөттүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга менен Финансы министри Таро Асо гана өз ордунда калары айтылууда.