АКШнын президенти Дональд Трамп Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан бошотту. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.
….I asked John for his resignation, which was given to me this morning. I thank John very much for his service. I will be naming a new National Security Advisor next week.
— Donald J. Trump (@realDonaldTrump) September 10, 2019
Анын айтымына караганда, Болтту кызматтан бошотуусуна көптөгөн маселелерде жаралган пикир келишпестиктер себеп болгон.
Трамп кийинки жумада жаңы коопсуздук боюнча кеңешчинин аты аталарын кошумчалаган.
АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин кызматына Жон Болтонду 2018-жылы 9-апрелде дайындаган болчу.