Марал Радиосу

ЕАЭБ: Кыргызстанга 1,90% бажы алымы белгиленди

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында ички рыноктун иштеши, бажылык жөнгө салуу, өнөр жай, соода тармагындагы кызматташтык жана өз ара соода жүгүртүүдөгү техникалык тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле эл аралык ишмердүүлүк маселелери каралды. Ошондой эле, 2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кабыл алынган «ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө» Макулдашуунун долбоору, «Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдарга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жөнүндө» чечиминин долбоору,  «Евразия экономикалык кеңешине мүчө мамлекеттер ортосунда газды ташуу жана жөнөтүү чөйрөсүндө уюмга мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарын айкалыштыруу жөнүндө» чечиминин долбоору, «Унификацияланган система «Чек арасыз жумуш» долбоору талкууга алынып, катышкан өкүлдөр тарабынан жактырылды.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосундагы бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери талкууланды. Буга ылайык, Кыргызстан үчүн бөлүштүрүү үлүшү 1,90% өлчөмүндө деп белгиленсе, Армения  үчүн 1, 22% өлчөмүндө бекитилди.  Ал эми калган үч мамлекеттин ченемдери алдыда боло турчу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталары айтылды.

Эмки жыйын 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында өтөрү айтылды.