Биз менен байланышыңыз

КСДП күч органдары менен президентти жоопко тарттыргысы келет

Саясат | 10 Сен 2019 | 1278 | 1

1700 жаран башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, 7-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековго, УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевге жана Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кылмыш ишин козгоону суранды. Ал эми серепчилер баа берүү үчүн комиссиянын жыйынтыгын күтүү керектигин айтышууда. Атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссияга кырдаалды иликтөө үчүн бир ай убакыт берилген.

7-августта Алмазбек Атамбаевди күч менен суракка алып кетүү аракети учурунда жөнөкөй жарандарга карата мыйзамсыз иштерге баргандарды жоопко тартуу талабы коюлган арызды Башкы прокуратура кабыл алды. Бул тууралуу КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

— Аскердик кийимдеги белгисиз адамдар беткапчан, курал менен эч кандай эскертүүсү жок, тосмодон ашып түшүп, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө кирип келишти. Алар жөнөкөй жарандарга карата курал колдонуу менен аёосуз сабап жатышты. Бул мыйзамсыз аракеттерге барган топко карата Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү», «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү», «Турак жайдын кол тийбестигин бузуу» беренелери боюнча иш козгооңузду талап кылабыз. Жарадар болгон, сабалган жарандарга эки саат аралыгында эч кандай жардам көрсөтүлгөн эмес. Мындан улам партия «Кооптуу абалда таштап кетүү», «Жардам көрсөтпөө», «Барымтага алуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоону суранат.

Сегодня, 9 сентября 2019 года 1700 человек обратились с коллективным обращением с просьбой возбудить уголовные дела к…

Опубликовано Темирлан Султанбеков Воскресенье, 8 сентября 2019 г.

 

«Бирөөгө сын тагардан мурун, өзүнө караса…»

Кайрылууда ошондой эле, УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевдин, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн жетекчилеринин кадамдарына укуктук баа берилип, чара колдонуу талабы коюлган.

Бул боюнча мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун пикирин билдирип, биринчи ошол жагдай эмнеден улам жаралганын сындоо керектигин айтты.

— Сындоодон мурун өздөрү кандай кемчиликтерди кетирди? Ошол жагдайды ким түзүп койду? Ал нерселердин себептерине сын көз менен кароо керек. Ошондуктан, бул жерде Атамбаевдин арыз жазып жаткан командасы күнөөлүү. Экинчиден, албетте, 7-августтагы болгон окуяда көйгөй бар. Профессионалдуу эмес уюштурулган операция ийгиликсиз аяктап калды. Бул жерде ИИМдин, же болбосо УКМКнын күнөөлөрү бар. Бирок «Президентке иш козголсун», — дегени уят.

Казакпаев: Комиссиянын чечимин күтөлү

КСДП партиясы эгерде талаптар аткарылбаса, эл аралык сотко кайрыларын айтып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кызматын тапшырууга чакырган.

Ал эми, саясат талдоочу Марат Казакпаевдин пикиринде, Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалга баа берүүгө эрте. Кимдин кадамы кандай болгонун айтуудан мурда, атайын түзүлгөн комиссиянын чечимин күткөн туура.

— Атайын түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Алар парламентке жыйынтыгын билдирет. Ошондо кандай болгонун билип калабыз. Менин оюмча, комиссия укук коргоо органдарынын жетекчилерин сөзсүз чакырып, сурашы керек. Кимдин кадамы туура же туура эмес болгонун комиссия чечет.  Андыктан, комиссиянын чечимин күтуп туралы.

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аларга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо иштери тапшырылган.

Атайын топ бүгүнкү күнгө чейин эки ирет чогулду жана түзүлгөн план боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу комиссиянын курамына кирген мурдагы аскер прокурору, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев маалымдады.

— Комиссия өз ишин баштаган. Эки жыйын өттү. Регламент боюнча иш алып баруудабыз. Буюрса, 11-сентябрда күч түзүмдөрүн угабыз. Ал эми, КСДПнын арыз менен кайрылганга укугу бар. Бирок, мамлекеттик комиссия иштеп жатат, жыйынтыгы чыга элек.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча УКМКнын операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада атайын аскердин бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Алты кызматкер 20 саатка барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин, Атамбаев багынып берген.

ИИМ: Атамбаевдин жактоочулары иш менен таанышууну создуктурушууда

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    11.09.2019 20:30

    Прокурор, соттордун уруксаты менен мамлекеттин официалдуу адамдары Атамбаевти алап келген барган, Атамбаевтин тарапташтарын мыйзамсыз оздору эмне жургон анда ад жакта

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM