Марал Радиосу

Каныбек Исаковдун министрлик кызматка талапкерлигин дагы бир комитет колдоду

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети билим берүү министрлигине талапкер Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, аны жактырды.

Аталган талапкерди буга чейин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жактырган болчу.

4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган.