Марал Радиосу

Төө-Ашууга кар түштү. ЖККБ айдоочуларды тайгакка даяр болууга чакырат

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууга жана Суусамыр өрөөнүнө кар түштү. Тиешелүү транспорттук каражаттар тартылып, жол тазаланды. Бул үчүн 75 тонна инерттүү материалдар сарпталган. Мындай маалыматты Чүй облустук милициясынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы кабарлады.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы жарандарды унаасынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруусун өтүнөт. Мындан сыткары, ар бир айдоочуну дөңгөлөккө тагылуучу чынжыр алып жүрүүгө чакырат.