Марал Радиосу

«Марал» радиосунун жаңы студиясына [ФОТО] саякат

«Марал» радиосу быйыл #МедиаК долбоорунун өнөктөшү болуп, радионун техникалык базасын толугу менен жаңылоого жетишти. Студиянын ичиндеги монтаждоо жана оңдоп-түзөө иштери аяктап, бүгүн жаңы сезонду жаңы студия менен ачтык.  Биздин жаңы студияда бүгүн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, саясатчылар, коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү конок болушту.

«Марал» радиосу мындан ары толук кандуу мультимедиа аянтчасы болуп, HD сапаттагы видеолорду да сиздерге сунуштамакчы.