Марал Радиосу

«Кыргыздын духун көтөргөн берүүлөрдү көп чыгара албай жатабыз»

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Ахматбек Келдибеков «Марал» радиосуна берген маегинде келечекте жарнама, акча табуу менен гана алектенген ЖМКлар жабылышы керектигин билдирди.

Анын айтымында, ЖМКларда кыргыздын чыныгы духун көтөргөн берүүлөр эфирге көп чыкпай жатат.

«Ошол дух менен жаштарды тарбияласак болот. Мисалы, Исхак Разаков боюнча көп айтабыз, бирок окуучулардан сурасаң, көпчүлүгү билишпейт», — дейт Келдибеков.

Ал буга кошумча өзү ээлик кылган телекомпания тууралуу да айтып өттү.

«Телекомпаниянын ишине көп кийлигишпейм. Биздин максат – келечекте өлкөдөгү ири телекомпаниялардын бири болуу. Парламенттик шайлоого карата даярдык көрө баштадык», — дейт саясатчы.

Келдибеков мындан сырткары, «Марал» ар дайым элге так маалымат жеткирерин белгиледи.