Марал Радиосу

Ырсалиев: Көралбастыктан арылышыбыз керек

Ишкер Жамалбек Ырсалиев «Марал» радиосуна берген маегинде коомду ынтымакка чакырып, жакшылыкка үндөө учурдун талабы экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда социалдык маселелерден көп көйгөй жаралууда.

«Марал» ушул маселелерди чагылдырууга басым жасаса. Анткени, адамдардын кызыкчылыгы саясат болуп, социалдык маселелер экинчи орунга калып калууда. Мындан сырткары, салттуу музыкаларга көңүл бөлүп, улуттук баалуулуктарды чагылдырсаңыздар деген тилекти айткым келет», — дейт Ырсалиев.

Ал белгилегендей, көралбастыктан арылыш керек.

«Жакшы нерсеге бармагын басып коюудан уялышат. Бул биз үчүн көйгөй. Жакшы нерселерди чыгарып, алдыга умтулсак деген үмүттөмүн», — деп кошумчалады.