Марал Радиосу

Болгонбаев: «Марал» — кыргыздын жүрөгүнө орногон өкүл

«Марал» — кыргыздын жүрөгүнө орногон өкүл. Мындай пикирин төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, өлкөдө көпчүлүк жакшы иштердин артында жеке секторлор турат.

«Коомдук иштерде, маданий тармакта, ЖМКларда болобу, жеке сектор көзгө көрүнүктүү иштерди жасап келе жатканы талашсыз далил. «Марал» — өз киндигин өзү кесип келе жаткан, кыргыздын жүрөгүнө орноп калган өкүл», — дейт Болгонбаев.