Марал Радиосу

Каракулова: Медиа биз үчүн саясий курал эмес

Саясий кризистин же соттук чечимдердин айынан эфирден четтетилген ЖМКлар — бүгүнкү күндөгү сөз эркиндигинин абалынын көрсөткүчү. Бул тууралуу «Интерньюс Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Элина Каракулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал сөз эркиндиги өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошорун, бирок учурда «Апрель» жана «7-каналдын» кызматкерлери жабдууларын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын белгиледи.

«Биз бул боюнча өз пикирибизди билдирдик. НТС каналы менен да ушундай жагдай жаралган. Бирок анда кызматкерлерде эфирге чыгууга жана жабдууларын колдонууга мүмкүнчүлүк бар эле. Онлайн-медиа, онлайн экономикалык бизнес долбоорлор өнүгүүдө, бул жагынан Кыргызстан лидерлик кылат. Анткени, бизде социалдык тармактарга, Youtube’га бөгөт коюлбайт», — дейт Каракулова.

Ал өлкөдө интернетке карата чектөөнүн жоктугун артыкчылык катары баалады.

«Медиа биз үчүн саясий курал эмес, биз ага медиа катары карайбыз. Биз медиаларды кызыл, ак, сары деп бөлбөйбүз», — дейт Каракулова.