Марал Радиосу

2022-жылы орточо айлык акы 20 миң сомго чейин жетиши ыктымал

2020-жылы калктын жан башына эсептегенде ИДПнын көлөмү 4,4% га жогорулап, 1 миң  578,8 долларды түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Кыргызстандын 2020-2022-жылдарга карата фискалдык саясат боюнча негизги багыттары жөнүндө маалыматында айтылат.

Ага ылайык, жыл сайын орточо эсеп менен калктын саны 1%га өсөт, башкача айтканда 137 миң адамга көбөйөт.

2022-жылы орточо айлык акы 0,3%га өсүп, болжол менен 20 миң сомго чейин жетиши ыктымал. Ушул эле жылы жарандардын киреше булагы 0,9%га жогорулап,  506,7 млрд сомду түзүшү мүмкүн.