Марал Радиосу

Сауд Арабиянын падышасы уулун министрлик кызматка дайындады

Сауд Арабиянын падышасы Салман Бен Абдель Азиз Аль Сауд уулу Абдель Азиз бен Сальман бен Абдель Азизди Энергетика министрилигине жетекчи кылып дайындады. Бул тууралуу «Ъ» жазды.

Маалыматка ылайык, буга чейин Өнөр жай, энергетика жана минералдык ресурстар министрлигин Халид аль-Фалих жетектеп келген. Бирок ушул жылдын 30-августта Өнөр жай жана минералдык ресурстар министрлиги түзүүлөрү кабарланган.

Көп өтпөй Халид аль-Фалих дүйнөдө ири мунай өндүрүүчү жана экспорттоочу Saudi Aramco компаниясындагы кызматынан да четтетилген.