Марал Радиосу

Жер ресурстары агенттигинин Каныбек Ботобаев жетектейт

Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директорлук кызматына Каныбек Ботобаев келди. Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ботобаев бул убакытка чейин өкмөт аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү болуп иштеп келген.

Ушул жылдын 1-августтунан тарта Жер ресурстары боюнча жаңы мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Өкмөт ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатында чечим чыкканын билдирген.