Марал Радиосу

Абылгазиев Билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду көрсөттү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кароосуна Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Каныбек Исаков 2011-жылдан тартып Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалап келет.