Марал Радиосу

ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча сотко чейинки ишти аяктады

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко чейинки өндүрүштү аягына чыгарды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Учурда кылмышка шектүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, тааныштырылууда. Жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.