Марал Радиосу

Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча арызын жазды

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул маалыматты Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы да ырастады.

Анын берген маалыматына ылайык, Аманбай Кайыпов арызды кечээ жазган. Бирок, «Арызды эмне себептен жазды, ага эмне түрткү болду?» — деген суроолорубузга жооп бере албасын гана билдирди.

Белгилей кетсек, Аманбай Кайыпов аталган кызматка 2013-жылы келген.