Марал Радиосу

Акпай Сарыбаев Улуттук кардиология борборуна директор болуп дайындалды

Акпай Сарыбаев Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин жетекчилик кылып келген Айнагүл Жумагулова премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругуна ылайык кызматынан бошотулду.