Марал Радиосу

Гүлмира Кудайбердиева отставкага кетти

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева отставкага кетти. Бул тууралуу жарлыкка өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койгонун Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кудайбердиеванын кызматтан кетишине анын өз ыктыяры менен жазган арызы себеп болгон.