Марал Радиосу

Депутат: Ири ишкерлер Кыргызстандан акчасын чыгарып кетип жатат

Акыркы айларда Кыргызстанда инвестициялык климат начарлады. Мындай маалыматты Экономика министри Санжар Муканбетов парламент жыйынында депутат Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Эл өкүлү Кыргызстандын ири ишкерлери капиталдарын чет жакка чыгарып кетип жатканын айтып, бул маалымат канчалык чындык экенин тактады.

— Акыркы айларда кен казуу жайларында — Кызыл-Омпол, Солтон-Сары кендеринде болгон инвесторлор менен жергиликтүүлөрдүн ортосундагы түшүнбөстүктөр өлкө экономикасына тер таасирин берди.