Марал Радиосу

Меценат Тольбаев Месси менен Роналдуну Кыргызстанга чакырды

Криштиану Роналду менен Лионель Месси Кыргызстанга кечки тамакка (конокко) чакырылды.

Мындай сунушун «Мөл Булак Финанс» микрокредиттик  компаниясынын башчысы Бабур Тольбаев Инстаграмдагы баракчасына жазды. Анда ал Роналдонун Месси менен кечки тамактанууну бирге өткөрүү ниетин Кыргызстанда орундатууга чакырган. Ага кошумча Кыргызстандын кооз табиятына күбө болуп, жаш футболчуларга шык берип кетүү сунушун да берген.

УЕФАнын мыкты футболчусун тандоо аземинде португалиялык чабуулчу Роналду журналисттин суроосуна жооп берип жатып, «Биз бул аренаны 15 жылдан бери бөлүп келебиз, мен жана ал. Качан футболдо мындай болгон? Мен билбейм. Дайыма, жанагы эле экөө… Албетте, биз жакшы мамиледебиз. Бирок чогуу отуруп тамактанган эмеспиз (күлүп). Бирок, бул жакында ишке ашат деген ойдомун», — деп билдирген.

Бул тасманы көргөн Тольбаев: «Чындаппы?! Криштиану, Лионель… Жигиттер, муну өзгөртүү зарыл. Кечки тамак алдында «Френдлистанда» (достук өлкөсүндө) жолугууга кандай карайсыңар? Ой, кечиресиз, Борбор Азияда жайгашкан Кыргызстанда. Бул силер жана мен гана эмес. Жалпы 200 мектептин окуучулары, Кыргызстандын бардык бурчунан чогулган 3000 бала болот. Аларга баары жагат: силердин жүрүм-турумуңар, оюнуңар, футболуңар.  Кыргызстанга келип, биздин балдарга шык берип кетүүгө кандай карайсыңар? Биз кубанычта болобуз!» — деп сөзүн жыйынтыктаган.