Марал Радиосу

4-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 4-сентябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 9….14… күндүз: 22…..27°C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 5….10….күндүз: 20…..25°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 11…..16….күндүз: 23……27°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 19……24°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 5….10…..күндүз: 20….25°C

4-сентябрда Бишкекте күндүз күн ачык болуп, түнкүсүн жаан чачын күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24……26°C, түнкүсүн 11..… 13°C.

Exit mobile version