Марал Радиосу

16 миң га жер «Центеррага» берилгенби? «Кыргызалтындын» жообу

Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругу 26 000 гектар концессиялык аянтка кирет, деген маалымат чындыкка дал келбейт. Концессиялык аянттын аймагы, анын ичинде 16 гектар жер да коруктун аймагына кирбейт. Бул тууралуу «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Толкун Камчыбекова Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, «Сары-Чат — Ээр-Таш» коругунун аймагында геологиялык-чалгындоо иштери карьердин тегерегинде гана жүргүзүлгөн.

«Эгерде жалпы 26 миң гектарды ала турган болсок, геологиялык чалгындоо жана кен иштетүү анын 841 гектарында гана жүрүүдө. Өкмөт тарабынан жер участогу калыбына келтирилген эмес. 2009-жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган Кумтөр долбоору боюнча келишимдин негизинде жер участогу компания тарабынан каттоого алынган. Бул келишимге ылайык, концессия 26 миң гектар аянттагы жерди 2042-жылга чейин берген.

16 миң га жердин берилиши боюнча талашта, 2009-жылы концессиялык аянт берилгенде бул 16 га жер Кыргызстандын үлүшү 15 пайыздан 33 пайызга көтөрүү боюнча алмашуу катары берилгенин белгилеп кетүү зарыл. Ошондой эле 13 +1% өлчөмүндө кошумча салык базасы камсыз кылынган», — деп айтылат билдрүүдө.