Марал Радиосу

Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанда адал эт паркын куруу демилгесин колдоого алды

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүүнүн ислам корпорациясынын ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды.

Азыркы учурда өлкө аймагында этти кайра иштетүү боюнча 296 ишкана катталган жана иштеп жатат.

Келишимге ылайык, Ислам өнүктүрүү банкы бул багытта 380 миӊ доллар каражат бөлүүгө даяр. Ал эми кыргыз тараптын салымы – 50 миӊ доллар. Бул каражаттар долбоорду изилдөөгө жана логистикалык чыгымдарга багытталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин адал эт паркы курула турган жер тандалып алынмакчы.

Белгилей кетсек, Ислам өнүктүрүү банкы “Кыргыз Республикасындагы адал эт паркы” долбоорунун техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин, бул долбоорду ишке ашыруу багытында 10 млн долларга чейин каражат бөлүүгө даяр экени белгилүү болду.