Парламенттин VI чакырылышы эртең, 2-сентябрь саат 9.30да жайкы эс алуудан кийин кезектеги VII сессиясын баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Баш мыйзамдын 77-беренесине жана Жогорку Кеңештиин регламенти жөнүндө мыйзамынын 34- беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи иш күнү башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы иш күнүнө чейин уланат.
Эске салсак, парламенттин алтынчы чакырылышы 2015-жылдын 4-октябрында шайланган. Шайлоого 14 саясий партия катышып, 6 саясий партия Жогорку Кеңешке келген.