Биз менен байланышыңыз

Гонконг: Нааразычылык акциясынан 30 киши жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2019 | 443 | 0

Гонконгдо ишембиде болгон полиция менен нааразычылык акциясына чыккан демонстранттардын кагылышуусунан 31 киши жаракат алгандан RTHK телерадиокорпорациясы билдирди.

Маалыматына ылайык, жалпысынан 31 киши  жаракат алып ооруканага түшүп, алардын 18и кийинчерээк үйүнө чыгарылган. Ал эми 5 адамдын абалы оор бойдон.

Ишемби, 31-августта Гонконгдун  бир канча бөлүктөрүндө уруксатсыз нааразылык акциясына чыккан демонстранттар менен полиция кагылышкан.

Кагылышуулар Адмиралтейство районуна жакын жерде башталып, Козуэй-Бэй, Чимсачей жана Монкок райондорунда кечки сааттарга чейин уланган.

Демонстранттар полиция кызматкерлерине кыш жана ар түрдүү предметтерди ыргытытса, полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ жана асманга эскертүүчү ок атышкан.

Copyright © 2017 Maral FM