Марал Радиосу

Майрамга карата жабылган көчөлөр бүгүн түнү ачылат

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата жабылган айрым көчөлөр түнкү саат 00:00 кайра ачылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлайт.

Бүгүн эртең мененки саат 6.00дө төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылган.

Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Абдымомунов көчөсүнүн Панфиловдон Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү;

Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Киев көчөсүнүн Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Айта кетсек, бүгүн Кыргызстанда Эгемендүүлүк майрамы белгиленүүдө.