Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын мэри директорлорго: Мектеп менчигиңиздер эмес

Кыска кабар | 30 Авг 2019 | 1558 | 2

Ош шаарындагы мектеп директорлору тез аранын ичинде ротацияланышы керек. Мындай пикирин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мугалимдердин Август кеңешмесинде билдирди.

«Сынды туура кабыл алып, жыйынтык чыгаргыла. Билим берүү тармагында Ош шаарынын жыйынтыгы мени канааттандырбайт. Жыйырма жылдай бир мектепте директор болуп отургандар бар. Мектеп менчигиңиздер эмес. Мектеп директорлорун, бала бакча башчыларын ротация жолу менен алмаштырып, иштеткиле,»- деди мэр Сарыбашов.

Ал ошондой эле,  жакшы иштебеген директорлор кызматтан кетиши зарыл экендигин айтып, билим берүүнүн сапаты  жана жыйынтыгы керектигин белгиледи.

 

2 пикир

2 пикир

  1. Дина

    04.09.2019 12:34

    Мэрге толугу менен кошулам. Особенно Киров мектептин директорун биринчи алмаштырыш керек

    • куштаралы

      08.09.2019 12:09

      кыргызда айтат го айта берет кайта берет деп ишениш кыйын го

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM