Марал Радиосу

Ош шаарынын мэри директорлорго: Мектеп менчигиңиздер эмес

Ош шаарындагы мектеп директорлору тез аранын ичинде ротацияланышы керек. Мындай пикирин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов мугалимдердин Август кеңешмесинде билдирди.

«Сынды туура кабыл алып, жыйынтык чыгаргыла. Билим берүү тармагында Ош шаарынын жыйынтыгы мени канааттандырбайт. Жыйырма жылдай бир мектепте директор болуп отургандар бар. Мектеп менчигиңиздер эмес. Мектеп директорлорун, бала бакча башчыларын ротация жолу менен алмаштырып, иштеткиле,»- деди мэр Сарыбашов.

Ал ошондой эле,  жакшы иштебеген директорлор кызматтан кетиши зарыл экендигин айтып, билим берүүнүн сапаты  жана жыйынтыгы керектигин белгиледи.