Марал Радиосу

Жапон ырчысы Мита Ре эгемендүүлүк күнүн куттуктап Кыргызстанга келет

Япониялык ырчы Мита Рё Кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктап 31-августта Ошко келет. Оштун борбордук Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадионундагы шоу-концертке катышат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, ал 2013-жылдан бери эгемендүүлүк күнүнө карата боло турган концерттерде өзүнүн “Кыргыз кызы сүйгөнүм” аттуу кыргыз тилиндеги ырын ырдап келет.