Марал Радиосу

БУУнун террорчулардын кыймылын көзөмөлдөө боюнча программасы ишке кирди

Террорчулардын кыймылын көзөмөлгө салган жаңы анти-террордук программа май айынан баштап ишке киргизилгенин Коопсуздук кеңешинин жыйынында Террорчулукка каршы күрөшүү уюмунун баш катчысынын орун басары Владимир Воронков билдиргенин РИА Новости агентиги жазды.

Биз май айында террорчулардын кыймылын көзөмөлгө салган анти-террордук программаны ишке киргиздик”— деп билдирген Воронков.

Анын айтымында, бул көп жылдык жана миллондогон акчаларды талап кылган программа болуп саналат.

Аталган программа террорчулардын кыймыл-аракетине байланыштуу маалыматтар менен байланыштуу.