Биз менен байланышыңыз

Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 28 Авг 2019 | 403 | 0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 13-октябрга чейин үй камагына алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды.

Журналистердин суроолоруна жооп берип жатып Курсан Асанов коюлган күнөөлөргө макул эместигин айтып, комментарий бергенден баш тартты. Ошондой эле ал баары мыйзамдын негизинде акыйкат тергөө жүрүп жатканын билдирип, баары мыйзамдын негизинде боло тургандыгына ишенерин кошумчалады.

Эске салсак, 13-августта Курсан Асанов Ички иштер министринин орун басары кызматынан  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бошотулган. Буга Курсан Асановдун 8-августтагы Кой-Таштагы окуяда милициянын кызыкчылыгын саткандыгы, мындан улам ага ишенимдин кеткендиги себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM