Марал Радиосу

Өзбекстанда 22-декабрда парламенттик шайлоо болот

Өзбекстанда ушул жылдын 22-декабрында парламенттик, облустук, шаардык жана райондук кеңештерге шайлоо болот. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзо-Улугбек Абдусаломов билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, шайлоого Өзбекстанда расмий түрдө катталган беш саясий партия катышат.

Эске салсак, учурда өлкөдө төмөнкү партиялар иш алып барышат: “Улуттук кайра жаралуу” демократиялык партиясы, Элдик -демократиялык партия, Ишкер адамдардын жана ишкерлердин кыймылы, “Адилет” соцал-демократиялык партиясы жана Экологиялык партия