Марал Радиосу

ЕАЭБнин мүчөлөрүнө «Түндүк» система аркылуу маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү ачылды

Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын ортосунда маалыматтарды берүү каналын түзүү максатында, “Электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасы Евразия экономикалык бирлигинин интеграциялык шлюз жана «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму менен тестирлөө жана интеграциялоо жумуштарын жүргүзүлдү. Бул тууралуу Маалыматтык Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Каналдын колдонмо деңгээлдеги өткөргүч жөндөмдүүлүгүн текшерүү максатында жарым жылдын аралыгында «Түндүк» ишканасы «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү Терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы менен бирдикте улуттук деңгээлинде тестирлөөнүн ар кандай түрлөрү өткөрүлгөн.

Ошондой эле, «Транском» мамлекеттик ишканасына сервердик жабдуусунда коопсуздук сервери орнотулган жана ылайыкташтырылган. Сервер «Түндүк» ишканасынын жардамы менен Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү Терезе» борбору» ишканасына чейин маалымат жиберүүнү ишке ашыруу үчүн  ЕАЭБ интегрциялык шлюзунан чыгышында ортнотулган.

Кыргызстандын аймагында ийгиликтүү аяктаган тестирлөө иштердин кийин, «Түндүк» ишканасы Евразия экономикалык комиссиясы менен Кыргызстандын ортосунда тестирлөө иштери баштады.

Өткөрүлгөн тестирлөө иш-чаралардын жыйынтыктары боюнча «Түндүк» ведомстволорлор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму жардамы менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүнө маалымат берүү мүмкүнчүлүгү ачылды жана Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан протоколдо белгиленген.

Exit mobile version